Кыргызстанда КРВИ жана сасык тумоо көбөйүүдө: жуманын ичинде 8 миң учур катталдыВиктор Козодой: «Кыргыз цивилизациясы — дүйнөнүн бешинчи дарыялык цивилизациясы»«Ала-Арча» резиденциясында ачылган мектеп менен бала бакчага кабыл алуу башталдыЭнергетика министри Кара-Кечедеги көмүр казууларды текшерди: дефицит жокКыргызстанда жаңы футбол клубу түзүлдү. Аны Өмүрбек Бабанов каржылайтБишкектин бир районунда 20-ноябрда суу убактылуу өчүрүлөт
Чет өлкөлөрдөн кыргызстандык жети өспүрүм мекенине кайтарылды
23.02.2025 | 11:56
2025-жылдын январь айында Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрү Түркияда жана Россияда мыйзамдуу өкүлдөрүнүн камкордугусуз калган жашы жете элек Кыргызстандын 5 жаранын мекенине кайтарууга көмөк көрсөтүшкөн.
Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Түркияда турмуштук оор кырдаалга кабылган эки бала да кайтарылды. Мындан тышкары, Кыргызстандын 9 жаранына 2 миллион 75 миң сомго жакын эмгек акы карызын өндүрүү маселеси оң жагына чечилди.
Бельгия, Казакстан, Украина, Кытай, Түштүк Корея, Россия, Түркия жана Өзбекстанда оор турмуштук кырдаалга туш болгон Кыргызстандын 20 жаранына мекенине кайтууга жардам көрсөтүлдү.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар