Муфтият садага-битир берүүнүн тартибин жана өлчөмүн бекитти

23.02.2025 | 13:12

Кыргызстанда садага-битир берүүнүн тартиби жана өлчөмү бекиди.

Муфтияттан билдиришкендей, буудай, ун, мейизден 1 килограмм 600 грамм, ал эми арпа жана курмадан 3 килограмм 200 грамм же алардын акчалай наркы менен берүү керек.

Садага-битирдин өлчөмү төмөнкүдөй бекитилди (учурдагы баа менен):

– Буудай — 80 сом (1,6 кг);

– Ун — 128 сом (1,6 кг);

– Мейиз — 1200 сом (1,6 кг);

– Арпа — 288 сом (3,2 кг);

– Курма — 2880 сом (3,2 кг).

“Садага-битир берүүчү адам көрсөтүлгөндүн кайсынысын чыгарса өз ыктыяры. Муктаждардын пайдасы үчүн көбүрөөгүн чыгаруусу абзел”, – деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top