Димаш Кудайбергенге Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамы ыйгарылды«Мейкин Азия» фестивалынын баш байгесин румыниялык аткаруучу жеңип алдыСадыр Жапаров жана Ухнаагийн Хурэлсух «Мейкин Азия» эл аралык музыкалык фестивалына барыштыКыргызстандын Ишенимдүү ишкерлери реестрине кирүү үчүн арыз берүү башталдыЯкутияда болгон жол кырсыгынан үч кыргызстандык жаран каза болдуБишкекте кыргыз-монгол бизнес-форуму өтүп, эки өлкөнүн ишкерлер кеңеши түзүлдү
Токмокто милициянын атын жамынып, тургундан акча опузалоого шектүүлөр кармалды
24.02.2025 | 10:05
Чүйдүн Токмок шаарында милициянын атын жамынып, тургундан акча опузалоого шектелген 3 адам кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.
Тергөө учурунда аныкталгандай, белгисиз адамдар 2007-жылы туулган жигитке келип, өздөрүн Токмок шаардык милициясынын кызматкери деп алдап тааныштырып, ал уурулукка катышы бар экенин айтып, жоопко тартабыз деп коркутуп 30 мин сом опузалаган. Бул тууралуу 21-февралда милицияга маалымат түшкөн.
Милиция билдиргендей, 22-февралда атайын тергөө иштери учурунда акча алып жаткан жеринен 29 жаштагы А.И. жана 21 жаштагы Ж.И. жана А.К. аттуу үч жигит кармалган. Тинтүү учурунда алардан белги коюлган акчалар табылып алынган.
Тергөө иштери уланууда.