Жактоочулар абакта отурган эки журналистти актоону суранды

Жактоочулар абакта отурган эки журналистти актоону суранды

Бүгүн, 25-февралда Жогорку сотто абакта отурган журналисттер Махабат Тажибек кызы, Азамат Ишенбековдордун жана пробацияга чыгарылган Айке Бейшекееванын жактоочуларынын кассациялык арызы каралууда.

Сотто биринчи болуп сөз жактоочу Улан Сейитбековго берилип, ал үч журналисттин күнөөсү далилденбегенин, аларга өкүм бир гана лингвистикалык экспертизанын корутундусу менен чыгарылганын белгилеп, актоону суранды.

Ошондой эле ал биринчи инстанция айыпталуучулардын күнөөсүн мойнуна албаганын «жоопкерчиликтен качуу аракети» деп сын көз караш менен карап, өкүм чыгарганын айтты. Ал сот айыптоочу жана жактоочу тараптын жүйөлөрүн угуп, ортодогу калыс катары чечим чыгарыш керектигин белгиледи.

Андан тышкары башка жактоочулар да журналисттердин күнөөсү далилденбегенин айтып, мурдагы инстанциялардын өкүмдөрүн өзгөртүп, актоону өтүнүчүн келтирди.

Ишенбеков менен Тажибек кызынын жактоочусу Алия Сагитова эки журналистти актоону же пробацияга чыгарууну өтүндү. Болбосо Тажибек кызынын 12 жаштагы уулу бар экенин эске салып, анын жаза өтөө мөөнөтүн кийинкиге жылдырууну суранды.

Ал эми прокурор жактоочулардын өтүнүчүн канааттандыруусуз калтырууну сурады.

Соттук коллегия өкүм чыгаруу үчүн кеңешме бөлмөсүнө кетти.

Эскерте кетсек, 2024-жылы 16-январда ИИМдин кызматкерлери Temirov Live’да мурда-кийин иштеген 11 кызматкеринин үйлөрүндө тинтүү жүргүзүп, суракка алып кеткен. Алардын баары камакка алынган. Милиция 11 журналистке тең «массалык башаламандыктарга чакырык жасоо» айыбын койгон.

Кийинчерээк 11 журналисттин жетөө үй камагына чыгарылган. Актилек Капаров, Махабат Тажибек кызы, Азамат Ишенбеков, Айке Бейшекеева камакта калтырылган.

10-октябрда Ленин райондук соту Махабат Тажибек кызын 6 жылга, «Айт айт десе» долбоорундагы акын Азамат Ишенбековду 5 жылга абакка кескен.

Актилек Капаров менен Айке Бейшекеева да күнөөлүү деп табылып, 5 жылга эркиндигинен ажыратуу тууралуу өкүм чыккан. Аларга 3 жылдык пробация берилип, камактан бошотулган.

18-декабрда Бишкектин соту биринчи инстанциянын өкүмүн өзгөртүүсүз калтырган.

Калган жети адам – «ПолитКлиниканын» журналисти Тыныстан Асыпбек, «Нур прессте» иштеген Жоодар Бузумов, «Арча Медианын» журналисти Сайпидин Султаналиев, «Айт айт десе» долбоорунда иштеген Сапар Акунбеков, Temirov Live’дын кызматкерлери Акылбек Орозбеков, Жумабек Турдалиев жана Максат Тажибек уулу (мурда оператор болгон, азыр журналистикада иштебейт) акталган.

Кармалгандардын баары бийликтеги адамдар, күмөндүү схемалар тууралуу иликтөөлөрдү чыгарып, бийликке ачуу сын айтып келгени менен белгилүү.

Саясатчы Адахан Мадумаров журналисттерге чыккан өкүмдү сындап чыккан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>