Бишкекте үч автобус каттамы жарым-жартылай өзгөрөт

27.02.2025 | 09:20

Бишкекте 1-марттан тарта үч автобус каттамы жарым-жартылай өзгөрөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалым болгондой, “Сарбан айылы – Ак-Бата конушу” багыты боюнча каттаган №23 автобустун акыркы аялдамасы өзгөрөт. Эми ал Ак-Батанын ордуна Алтын-Казык конушуна чейин барат. Аны менен бирге №23 Курманалиев көчөсү менен эмес Кыргызстан көчөсү менен жүрүп, “Сарбан айылы – Алтын-Казык” конушу багыты боюнча каттайт.

Ошондой эле «Алтын-Казык конушу – Поле Чудес конушу» багыты боюнча каттап келген №17 автобустун акыркы аялдамасы өзгөрөт: «Алтын-Казыктын» ордуна автобус «Красный Строитель» конушуна чейин барат.

Жүргүнчүлөр №17 жана №17Т автобус каттамдарын алмаштырып алып жаткандыктан №17Т каттамы №77 деп өзгөртүлөт. Мурда №17Т автобус “Булгаары” заводу – 12-кичирайон” багыты боюнча каттап келсе, эми автобус Курманалиев көчөсү менен Ак-Бата конушуна чейин бара турган болот. №77 автобус “Ак-Бата конушу – “Булгаары” заводу – 12-кичирайону” каттамы менен жүрө баштайт.

[image_carousel source=”media: 218515,218516,218517″ limit=”20″ slides_style=”photo” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”no”]

Scroll to Top