Бишкекте мыйзамсыз тургузулган 77 курулуш алындыБаткенде күч органдары жана медкызматкерлер катышкан антитеррордук машыгуу өттүДагы бир талапкер: Азамат Эсенбеков президенттикке өзүн-өзү көрсөтүү боюнча БШКга арыз бердиКРде бир суткалык электр энергиясын керектөө кышкы көрсөткүчкө жакындады — КУЭТУнаалардын жүргөн жолун өзгөрткөндөргө айып пул салуу боюнча мыйзам долбоору кайра иштеп чыгууга жөнөтүлдү«Ата-Бейит» мемориалдык комплексин өнүктүрүү боюнча ачык сынак жарыяланды
Рейтингдик мелдеш: Жумашбек уулу күмүш, дагы эки балбан коло утту
27.02.2025 | 09:00
Кыргызстандын эркин күрөш боюнча балбандары Албанияда өтүп жаткан Muhamet Malo рейтингдик мелдешинин биринчи күнүндө 3 медаль утту.
Мелдеш 26-февралда Тирана шаарында эркин күрөш боюнча таймаштар менен башталды.
Турнирдин биринчи күнүндө кыргызстандык 10 балбан килемге чыгып, алардын үчөө байгелүү болду.
65 кг салмакта Тайырбек Жумашбек уулу финалга чейин жетип, бирок атаандашына жеңилип, күмүш байге тагынды. Ушул эле салмакта Билол Шарип уулу коло утту.
Ошондой эле 57 кг салмакта Алмаз Сманбеков колого татыды.
Эскерте кетсек, 26-февралда башталган Muhamet Malo рейтингдик мелдеши 2-мартта жыйынтыкталат. Бүгүн мелдештин экинчи күнүндө кыргызстандык спортчулар күрөшпөйт.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт