Бишкекте уурулукка шектелип 25 жаштагы кыз киши кармалды

Бишкекте уурулукка шектелип 25 жаштагы кыз киши кармалды

Бишкекте уурулукка шектелип 25 жаштагы кыз киши кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Милииянын маалыматы боюнча, былтыр 9-декабрда коомдук транспорттун ичинде белгисиз адам өспүрүмдүн 125 миң сомдук Iphone 15 Pro Max телефонун уурдап алган. Бул боюнча укук коргоо органдарына өспүрүмдүн эжеси арыз жазган.

Аталган факт боюнча «уурулук» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары мурда бир нече жолу соттолгон, ИИМде “Р” каймана аты бар чөнтөк уурусу катары каттоодо турган 25 жаштагы кыз киши (С.А.) кармалган.

Учурда милиция анын башка уурулуктарга катыштыгын текшерүүдө.

Милиция шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыркагандар болсо, 0702 071263, 0509 262669 же “102” номерине кабар берүүсүн суранат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>