Айпери Медет кызы Албанияда өткөн рейтингдик турнирде күмүш байге утту

Айпери Медет кызы Албанияда өткөн рейтингдик турнирде күмүш байге утту

Кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы Албанияда өткөн күрөш боюнча рейтингдик турнирде күмүш байгеге ээ болду.

Ал 76 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашты.

Кыргызстандык балбан 1/8 финалдык баскычтан баштап, кытайлык спортчуну мөөнөтүнөн мурда 1:0 эсебинде жеңип алды. Чейрек финалда Медет кызы италиялыктан күчтүү болуп, эсеп 9:0 болду.

Жарым финалда Айпери Медет кызы Украинанын спортчусу Анастасия Алпееваны жеңди. Ал эми финалда Медет кызы АКШнын өкүлүнө 2:1 эсебинде утулуп, күмүш байгеге ээ болду.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>