Бишкекте баңгизат сатууга шектүүлөр кармалды

Бишкекте баңгизат сатууга шектүүлөр кармалды

Бишкек шаарында эки жаран баңгизат сатууга шектелип кармалышты. Бул тууралуу шаардык милиция билдирди.

Маалыматка ылайык, шаардык милициянын Баңгизатка каршы күрөшүү кызматына белгисиз адамдар баңгизат сатып жүргөнү тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголгон.

Бишкектин Феодосий көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде тинтүү жүрүп, 50 баштыкчыга салынган баңгизат табылып алынган. Алардын жалпы салмагы 5 кг 602 граммды түзгөн. Эксперттик кызматтын маалыматы боюнча, алынган заттар «марихуана» болуп саналат.

Шектүү катары 36 жаштагы Д.А. жана 49 жаштагы Д.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалышкан. Тергөө улантылууда.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>