Жапаров: Сот тутуму ар кыл саясий таасирлерден көз карандысыз болушу шарт

Жапаров: Сот тутуму ар кыл саясий таасирлерден көз карандысыз болушу шарт

Сот тутуму ар кыл саясий таасирлерден жана ар кандай тышкы кысымдардан толук түрдө көз карандысыз болушу шарт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-мартта, Кыргызстандын судьяларынын XIII курултайында билдирди.

Сот тутумунун кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктаган Жапаров сот тутуму адилеттүүлүк менен мыйзам тартибин камсыз кылуу аркылуу укуктук мамлекетти өнүктүрүүдө негизги ролду ойнорун белгиледи.

Президент Кыргызстандын сот бийлиги өлкөдө демократиянын негизги таянычы болуп келгенин, мыйзамдуулукту камсыздоо менен жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, саясий система ичиндеги тең салмактуулукту сактоо аркылуу адилетсиздик менен күрөшүүнүн куралы экенин сөз кылды.

Садыр Жапаров сот тутуму ар кыл саясий таасирлерден жана ар кандай тышкы кысымдардан толук түрдө көз карандысыз болушу шарт экенин айтты, анткени сот бийлиги – коомдогу туруктуулук менен мыйзамдуулуктун кепилдиги.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>