Айга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөтАйтматов проспектисинде кире бериш жолдор ачылып, жаңы жолдор курулатБишкекте көп функционалдуу жаңы спорт комплекс ачылды
Сороонбай Жээнбеков Иркутскини суу каптаганына байланыштуу Путинге көңүл айтты
02.07.2019 | 14:16
Президент Сооронбай Жээнбеков Иркутск облусундагы суу каптоолордон улам адамдардын курман болгондугуна байланыштуу Орусиянын президенти Владимир Путинге көңүл айтты. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясатты камсыдоо бөлүмү кабарлады.
“Иркутск облусундагы суу каптоолордун натыйжасында адамдардын курман болгондугу жана кыйроолор жөнүндө кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Курман болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтуумду жана колдоо сөздөрүмдү, ошондой эле бардык жабыркагандардын тез арада сакайып кетишин каалай турганымды билдирип коюуну өтүнөм”, — деп айтылат мамлекет башчысынын көңүл айтуу телеграммасында.
1-июлда эртең менен облустун алты районунда 55 айыл-кыштак суу астында калды.
Рубрики: Жаңылыктар