Дастан Бекешев: ЖИ Конституциянын орусча котормосунан 44 ката таптыӨлкөдө күн ачык болот: 19-октябрга карата аба ырайыКыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя беришти
Текебаевдин кызы менен уулу Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жасашты
02.07.2019 | 13:23
Камактагы саясатчы Өмүрбек Текебаевдин кызы Айданек менен уулу Амантур президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жасады. Алардын кайрылуусун Текебаевдин жубайы Айгүл Текебаева Facebook баракчасына жүктөдү.
Текебаевдин уулу менен кызы атасынын негизсиз камалып кеткенин тастыктаган видеоролик тартышкан. Алардын өз алдынча жүргүзгөн териштирүүлөрүндү, камакта олтурган атасынын күнөөсү жоктугун далилдеген документтерди жарыялашкан. Видеодо көрүнүп тургандай Айданек менен Амантур атасы менен кезикти делген жерлердин бардыгын тактап чыгышкан. Мындан тышкары алар укук коргоо органдары ушундай иштерди көз жаздымда калтырбаса деген ойлорун дагы айтышкан.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат