Футбол: Караколдун «Барс» клубу Кыргызстандын 2026-жылкы чемпиону болдуЫсык-Көлдө тоо эчкилери менен Марко Поло аркарлары видеого тартылдыСадыр Жапаров кайрылууларды кароонун жаңы эрежелерин бекиттиАйдит Эркин Кыргызстандын Пакистандагы элчиси болуп дайындалдыАла-Арчада жоголгон 15 жаштагы өспүрүмдү издөөгө тик учак жөнөтүлөт9-ноябрдан тарта Бишкекте №23 автобус каттамы экиге бөлүндү
Сороонбай Жээнбеков Иркутскини суу каптаганына байланыштуу Путинге көңүл айтты
02.07.2019 | 14:16
Президент Сооронбай Жээнбеков Иркутск облусундагы суу каптоолордон улам адамдардын курман болгондугуна байланыштуу Орусиянын президенти Владимир Путинге көңүл айтты. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясатты камсыдоо бөлүмү кабарлады.
“Иркутск облусундагы суу каптоолордун натыйжасында адамдардын курман болгондугу жана кыйроолор жөнүндө кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Курман болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтуумду жана колдоо сөздөрүмдү, ошондой эле бардык жабыркагандардын тез арада сакайып кетишин каалай турганымды билдирип коюуну өтүнөм”, — деп айтылат мамлекет башчысынын көңүл айтуу телеграммасында.
1-июлда эртең менен облустун алты районунда 55 айыл-кыштак суу астында калды.
Рубрики: Жаңылыктар