ЕРӨБ Базар-Коргон шаарын суу менен камсыздоо үчүн 3,3 млн евро бөлдүVI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары үчүн параддык кийимдин үлгүсүнө сынак жарыяландыБШК Атазовду Жогорку Кеңешке талапкер катары каттоодон баш тарттыЭми бажы төлөмдөрүн QR-код аркылуу жүргүзүүгө болотКыргызстан менен ЕРӨБ 400 млн евролук инфраструктуралык өнөктөштүк боюнча меморандумга кол койдуАскерлердин азык-түлүктөрүн уурдаган прапорщик кармалды
УКМК: Кесиптешинен пара опузалаган милициянын тергөөчүсү кармалды (видео)
07.03.2025 | 14:48
Бишкектин Биринчи май райондук милициясынын тергөөчү пара опузалоого шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМкдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тергөөчү (А.К.) Бишкек милициясынын баңгизатка каршы күрөшүү кызматында иштеген кызматкерге козголгон кылмыш ишти жабуу үчүн андан пара опузалаган деп шектелүүдө. 5-мартта ал 5 миң доллар алып жаткан жеринен кармалган.
УКМК билдиргендей, алдын ала талдоо боюнча берки милиция кызматкерине козголгон иште кылмыштын курамы жок болуп, иш козгоого жетиштүү негиздер болгон эмес.
Учурда тергөө уланып, буцл ишке катышы бар адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.