Бишкектин Асаналиев көчөсүндөгү темир жол өтмөгүндө унаа кыймылы чектелетЭкинчи ата-эненин макулдугусуз. Балдардын чет өлкөгө чыгуусу жеңилдетилиши мүмкүнБишкекте Чүй проспектисинин оңдолгон бөлүгү ачылдыБишкекте жети өлкөнүн компаниялары катышкан эл аралык өнөр жай көргөзмөлөрү өтөтСанитардык талаптарга жооп бербейт: Өзгөн районундагы мал союучу жай жабылдыКыйылган бир дарактын ордуна бешөө. ЖКда бак-дарактарды коргоонун жолун сунушташты
Чукул кабар! Капчыгайларга жана ашууларга кар көчкү түшүү коркунучу бар
10.02.2026 | 15:57

11-13-февраль күндөрү күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондоруна кар көчкү түшүшү мүмкүн.
ӨКМнын маалыматында, төмөнкү ашууларга жана капчыгайларга кар көчкү түшүү коркунучу бар:
- Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255-чакырымдарында (Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу);
- Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 55-115-чакырымдарында;
- Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 45-112-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу);
- Красная-Горка – Акташ унаа жолунун 0-3-чакырымдарында; Сары-Таш – Дароот-Коргон – Карамык унаа жолунун 97-98-чакырымдарында;
- Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 292-305-чакырымдарында (Долон ашуусу);
- Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарында (Чон-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүcү мүмкүн.
Тоолуу тилкелерде кар күрткүсү болуп, унаа жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Мындан улам ӨКМ унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл экенин эскертет.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом