Бүгүн, 8-мартта Бишкекте Алдардын эл аралык күнүнө карата “Аялдардын укуктарына арналган тилектештик жүрүш” атуу жөө жүрүш өттү.
Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, коомдук тартипти жана катышуучулардын коопсуздугун 100дөн ашык шаардык милиция кызматкерлери камсыздашты.
Жөө жүрүштүн маршруту Тышкы иштер министрлигинин имаратынан Рыскулов жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Горький аянтына чейин созулду. Иш-чарага 150дөн ашык адам катышты.
Акциянын негизги максаты коомчулуктун көңүлүн аялдардын укуктарын коргоого буруу, ошондой эле гендердик теңчилик идеяларын жайылтуу жана аялдардын коомдогу ролун жогорулатуу болгон.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз