Самат Кыргыз Абдрахманов Бишкектеги бокс кечесинде жеңишке жеттиАрыкка чөгүп кеткен. Кара-Балта жактан психдиспансердин бейтабынын сөөгү табылдыКыргызстандык спортчулар Азия жаштар оюндарында төрт медаль уттуКара-Көлдүк аксакал президентке турак жай маселесин айттыЦарикаевди сабаган жарандар СИЗО-1ге киргизилдиЧейрек кылымдык кызматташтык жана “Шанхай руху”
Бишкекте ротордук унаа токтотуучу жай курулууда
10.03.2025 | 11:01
Бишкек шаарынын Орто-Сай базарында ротордук унаа токтотуучу жай курулуп жатат. Бул тууралуу шаар мэриясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 10 автоунаа токтото турган парковка текшерүүдөн кийин ишке берилет.
Парковканы мэриянын «Муниципалдык унаа токтоочу жайлар» ишканасынын адистери менен «Могилёвлифтмаш» ишканасынын өкүлдөрү биргеликте курууда.
Мэрия жетиштүү орундары бар аймактарга көп кабаттуу унаа токтотуучу жайларды куруу пландалып жаткандыгын, ал эми аянты чектелүү аймактарга ротордук парковка куруларын билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом