Садыр Жапаров Маданият жана искусство университетинин жаңы корпусун ачтыКыз ак калпакты өрттөп, тойлордо белек берүү салтынан баш тартууга чакырдыБишкекте СТО жайгашкан имараттагы өрттөн бир адам каза болдуСом түштүк корея вонуна карата бекемделип, британ фунтуна карата алсырадыПРООН киберкылмыштуулук менен күрөшүүчү адистерди даярдоого жардам беретЖети-Өгүз районунда жетим балага үй куруу үчүн жер тилкеси берилди
Кыргызстанда бир жумада 108 мас айдоочу кармалды
10.03.2025 | 11:40
Кыргызстанда бир жумада 108 мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Маалым болгондой, 3нөн 9-мартка чейин өлкөдө 23 миң 266 жол эреже бузуу аныкталып, 2 миң 561 унаа айып короого коюлган.
Бир жумада аныкталган жол эреже бузуулар:
- Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 701;
- Мас айдоочулар – 108;
- Унаанын айнектерин мыйзамсыз караңгылатуу – 87;
- Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 291;
- Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 3 миң 410;
- Автоээнбаштык – 10;
- Ылдамдыкты ашырып айдоо – 4 миң 174;
- Жалган мамлекттик номер менен унаа башкаруу – 3;
- Башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 14 миң 482.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом