Трамп Түштүк Кореядан келген товарларга импорттук тарифтерди 25%га чейин жогорулатты2025-жылы Кыргызстан менен Азербайжандын товар жүгүртүүсү 10 млн долларга жеттиЕЭК ЕАЭБдин климаттык күн тартиби боюнча семинар өткөрдүКыргызстандык окуучулар Сочидеги биологиялык лагерге катышыштыТоолуу райондорго жана ашууларга кар көчкү түшүүсү күтүлөтТакси кызматынын баасы 800 сомго чейин кымбатташы мүмкүн — Дастан Бекешев
Бишкекте 44 жаштагы аял алдамчылыкка шектелип кармалды
11.03.2025 | 13:03
Бишкек шаарында бир нече жаранды алдап, көбөйтүп берем деп акчасын алып жүргөн аял кармалды. Бул тууралуу шаардын Ленин райондук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2024-жылдын 27-сентябрында райондук милицияга жаран кайрылып, “Э” аттуу аял ай сайын 100 миң сомдон пайда алып келүү убадасы менен анын 650 миң сомун алып, бирок убадасын аткарбай качып кеткенин айткан.
Аталган факт боюнча Кылмыш-Жаза кодексинин 209-беренесинин (алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон.
Тергөөнүн жүрүшүндө алдамчылыкка шектүү табылып, ал азыркы учурда ушундай эле кылмышка шектелип, камакта жатканы аныкталган. Райондук сот аны тергөө абагына киргизген. Кийин кармалган жарандын дагы башка ушул сыяктуу кылмышка тиешеси бар экени белгилүү болгон.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар