Кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишим ратификациядан өткөрүү үчүн 19-мартта Жогорку Кеңештин кароосун киргизилет. Бул тууралуу президенти Садыр Жапаров «Фейсбуктагы» баракчасында билдирди.
Жапаров Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы толугу менен чечилгенин, ал эки өлкө үчүн гана эмес, Борбор Азия үчүн да жакшы иш болгонун айтты.
Ал Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун мамлекеттик сапары учурунда 13-мартта Бишкекте кол коюлган чек ара келишимин ратификациядан өткөрүү үчүн 19-мартта Жогорку Кеңешке киргизиле турганын кабарлады.
«Ратификацияга жеткенге чейин кол коюлган келишимдеги көп учурларды айтпай келдик. Себеби келишимге кол коюла электе бузуп албайлы дедик. 19-мартта Жогорку Кеңеште Камчыбек Кыдыршаевич ар бир квадрат метр жер боюнча ийне-жибине чейин ачык-айкын маалымат берет», — деди ал.
Жапаров эки өлкөнүн чек ара маселеси 4 жылдан бери жети эмес, жетимиш өлчөп чечилгенин билдирди.
«Албетте, биздин жарандарыбыздын алмашылган айылдарын таштап чыгып кетиши кыйын болуп жатат. «Киндик каныбыз тамган жер, ата-бабаларыбыздын сөөгү жаткан жер» деп арман кылышууда. Тажикстандын биз тарапка өткөн айылдарынын жашоочулары деле дал ушул сөздү айтышууда. Эки тарапка тең кыйын.
Бирок эки мамлекеттин ортосундагы чек ара маселеси чечилип жатканда бир айылдын кызыкчылыгы өтпөйт. Жалпы мамлекеттин кызыкчылыгы биринчи орунда турат«, — дейт ал.
Анын айтымында, Достук айылынан тышкары чек ара тилкесинде шахматтын тактасындай жайгашып калган айрым үйлөр да алмашылды.
«Себеби чек аранын зым тору тартылганда түз тартылышы керек. Антпесе келечекте эки тараптын тең чек арачыларына чек араны көзөмөлдөө кыйынга турат.
30 жылдан бери эки тараптан дал ушул чек ара жаңжалынан миңдеген жарандар окко учту.
Мамлекет үйлөрү алмашылган жарандарыбыздын баарын көңүл сыртында калтырбайбыз. Азыркы үй-жайларынан алда канча жакшы шарттары менен, жаңы, заманбап үйлөрдү салып беребиз. Толук маалыматты 19-мартта Жогорку Кеңеште Камчыбек Кыдыршаевичтен угасыздар», — деди ал.
Эскерте кетсек, 5-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Султанбай Айжигитов кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимдин долбоору боюнча кооптонууларын айтып чыккан. Ал Баткен районундагы Достук айылы Тажикстанга берилбеши керектигин, ошондой эле Ворух анклавынын жери, бейтарап макамын ала турган жолдор боюнча оюн билдирген.
Бул билдирүүсүнөн кийин ал парламенттеги «Ыйман Нуру» фракциясынан чыгарылган.
Көп өтпөй анын сынына президент Садыр Жапаров да жооп берип, Айжигитовдун айткандарын «демагогия» деп атаган.