Жарандарды 37 млн сомдон ашык акчага алдаган шектүү кармалды

Жарандарды 37 млн сомдон ашык акчага алдаган шектүү кармалды

Чүйдө 35 жаштагы аял жарандарды 37 млн 273 миң сомго алдаган деген шек менен кармалды. Бул тууралуу облустук милиция кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, 11-мартта Жайыл райондук милициясына 38 жаштагы аял киши кайрылган. Ал билдиргендей, Н.М. атуу жаран (аял) 2024-жылдын январь айынан ушул убакка чейин курулуш бизнесине инвестицияга салынат деген шылтоо менен акча алып, андан кийин өлкөдөн чыгып кетип жашырына баштаган. Алданган аялга 12 млн сом зыян келтирилген.

Мындан тышкары ушундай эле арыз менен 8 жаран кайрылган.

Аталган фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (алдамчылык) негизинде кылмыш иштери козголгон.

Ыкчам-издөө иштеринин жыйынтыгында, шектүү катары 35 жаштагы Н.М. кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Тергөө учурунда аныкталгандан, алданган жарандарга жалпы 37 млн 273 миң сомго зыян келтирилген.

Учурда кармалган аялдын башка алдамчылык фактыларына катыштыгы текшерилүү. Мындан улам милиция шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыркагандар болсо, 0312 22-15-58, 03133 3-51-84 же 0701 20-31-02 номерине кабар берүүсүн суранат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>