Айдоочуларга эки күндө дээрлик 2 млн сом айып пул салынды

Айдоочуларга эки күндө дээрлик 2 млн сом айып пул салынды

Автоунаасына кошумча багаждарды, ашыкча орундуктарды мыйзамсыз орноткон айдоочуларга айыппул салынды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, аталган башкармалык өлкө боюнча «кошумча жабдык» аталышында рейд өткөргөн. Анда «Сосновка», «Арал», «Чычкан» жана башка көзөмөл өткөрмө жайларында оор жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташыган унаалар текшерилген.

Жыйынтыгында маршруттук унааларга ашыкча орундуктарды жана тапчандарды орнотуп, жүргүнчүлөрдү жаткызып ташып жүргөн фактылар аныкталган.

Ошондой эле эки күндүн ичинде унааларына багаждарды, фараларды, бортторду, газ-баллондорду, тосмо борттор сыяктуу кошумча жабдыктарды мыйзамсыз орнотуп алган 349 айдоочу аныкталган. Алардын ар бирине 5500 сомдон протокол түзүлүп, жалпысынан 1 млн 919,5 миң сомго айыппул салынган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>