Кыргызстанда автомектептерди лицензиялоого 2 жылдык мораторий киргизилдиСтатистика. 75 жаштан ашкан 9 кыргызстандык биринчи жолу баш коштуТаалайбек Ибраев Дүйнөлүк банкка Камбар-Ата-1 ГЭС долбоорунун учурдагы абалы тууралуу маалымат бердиБШК парламенттик шайлоону өткөрүүгө 700 млн сом жушмайтАк-Ордо конушундагы эки адамдын өлүмүнө шектүү качуу аракети учурунда каза болгон — Феликс КуловКазакстандык авиакомпания Бишкек – Астана багытында түз каттам ачууда
Таластагы 96 га сугат жери үй курууга мыйзамсыз берилип кеткен
20.03.2025 | 17:50
Таластын Бакай-Ата районундагы 95,9 гектар сугат жер турак жай куруу үчүн жеке менчикке мыйзамсыз берилген. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматта айтылгандай, аталган жер 2009-2024-жылдар аралыгында мамлекеттик кызмат адамдары тарабынан акчалай сыйлыкка жеке менчикке берилип кеткен.
Тергөө иштеринин жыйынтыгында, мурда Бакай-Ата шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысы болуп иштеген, азыр Токмок шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысы кызматында турган Ш.К.М.нын аталган кылмышка тиешеси бар экендиги аныкталган. Ал 18-мартта кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалган.
Учурда тергөө жүрүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар