Бюджет-2027: Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагына 28,25 млрд сом бөлүнөтКыргызстандагы алгачкы «Вкусно — и точка» «Россия» кинотеатрында ачылат«Үмүт берген искусство»: Улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде арт-сессиялардын күзгү сезону өтөтУлуттук банк: Кыргызстанда инфляция 2026-жылдын аягына чейин 15%га жетиши мүмкүнСадыр Жапаров «Борбордук Азия – Корея Республикасы» биринчи саммитине катышуудаБУУнун Кыргызстандагы координатору Антье Граве өлкөдөгү миссиясын аяктады
Таластагы 96 га сугат жери үй курууга мыйзамсыз берилип кеткен
20.03.2025 | 17:50
Таластын Бакай-Ата районундагы 95,9 гектар сугат жер турак жай куруу үчүн жеке менчикке мыйзамсыз берилген. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматта айтылгандай, аталган жер 2009-2024-жылдар аралыгында мамлекеттик кызмат адамдары тарабынан акчалай сыйлыкка жеке менчикке берилип кеткен.
Тергөө иштеринин жыйынтыгында, мурда Бакай-Ата шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысы болуп иштеген, азыр Токмок шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысы кызматында турган Ш.К.М.нын аталган кылмышка тиешеси бар экендиги аныкталган. Ал 18-мартта кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалган.
Учурда тергөө жүрүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар