Жогорку Кеңеш Алмаз Бакетаевди Улуттук банктын төрагасы кызматына дайындоого макулдук бердиБишкекте венгер түркологуна мемориалдык такта орнотулатАлмаз Бакетаев каржы министри кызматынан кетип, Улуттук банктын төрагасы болуп шайландыӨкмөт ата мекендик зергерлер үчүн баалуу металлдарды сатуу тартибин бекиттиМандатын тапшыргандардын ордуна Жогорку Кеңешке жаңы депутаттар келдиЖогорку Кеңештин депутаттарынын трибунадан сүйлөөсү чектелет
Азия чемпионаты: Ырыскелди Максатбек уулу коло үчүн күрөшөт
25.03.2025 | 17:28
Кыргызстандын грек-рим балбаны Ырыскелди Максатбек уулу Иорданияда өтүп жаткан Азия чемпионатынын коло байгеси үчүн күрөшөт.
Максатбек уулу 77 кг салмакта күрөшүүдө.
Беттешти 1/8 финалдан баштаган кыргызстандык балбан биринчи кармашында тажикстандык спортчуну 8:0, андан кийин чейрек финалда түркмөнстандык балбанды 10:2 эсебинде жеңген.
Финалга чыгуу үчүн ал ирандык спортчу менен кез келип, 3:4 эсебинде жеңилип калды. Эми ал коло үчүн күрөшөт.
Белгилей кетсек, бүгүн, 25-мартта башталган күрөш боюнча Азия чемпионатына 30-мартта аяктайт. Мелдештин биринчи жана экинчи күнүндө грек-рим балбандарынын таймаштары өтөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт