Касымалиев өнүктүрүү фонддору каржылаган долбоорлор тууралуу айтып бердиУмра зыяратын уюштурган туркомпаниянын жетекчиси алдамчылыкка шектелип кармалдыБишкек шаарына 207 миңден ашуун түп жоогазын отургузулуудаМинистрлер кабинети: Курулушка уруксат берүү мөөнөтү үч эсеге кыскартылдыКыргызстанга жарым жылда 709,9 млн доллар түз чет элдик инвестиция тартылдыБишкектеги Политехникалык колледжге имаратты 7 күндө бошотуу тапшырылды — эмне болуп жатат?
Кыргызстанда мамлекеттик “Тунгуч” онлайн-мектеби түзүлдү
25.03.2025 | 17:09
Кыргызстанда “Тунгуч” онлайн-мектебин түзүү боюнча токтом кабыл алынды. Ага өкмөт башчы Адылбек Касымалиев 18-мартта кол койгон. Бул тууралуу “Эркин-Тоо” гезитине жарыяланды.
Токтомго ылайык, онлайн-мектеп 2025-2028-жылдар аралыгында пилоттук негизде иштейт.
Маалыматта айтылгандай, “Тунгуч” онлайн-мектеби мамлекеттик каттоого алынат жана мамлекеттик бюджеттен каржыланат.
Онлайн-мектеп окуучулардын географиялык, социалдык же физикалык чектөөлөрүнө карабастан, аларга бирдей окуу мүмкүнчүлүгүн берүү максатында түзүлдү.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом