“Көчмөн модасы фестивалы. МУУН 2025” 30-31 октябрда өтөтТокмокто технохаб курулат: Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен Central Asia Capital меморандумга кол койду«Телеграм» аркылуу ИГИЛ уюмуна тартылган кыргызстандык жаран кармалдыКыргызстанда 73 жаштагы бейтаптын жүрөгүнө уникалдуу операция жасалдыБишкекте Опера жана балет театрында өткөн пилатес сабагы коомдо нааразычылык жараттыЧүй облусунун 100дөн ашык окуучусу «Евразия» паркына барды
Алматыдан Ошко аба каттам ачылат
29.03.2025 | 12:10
Казакстандын «Эйр Астана» авиакомпаниясы ушул жылдын 28-майынан тарта Алматы-Ош багыты боюнча жаңы туруктуу каттамды ачат. Бул тууралуу Казакстандын Транспорт министрлигинин Жарандык авиация комитети билдирди.
Каттамдар жумасына төрт жолу – шейшемби, шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү аткарылат. Жаңы каттам Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы аба каттамдарынын жалпы санын жумасына 7ден 11ге чейин көбөйтөт.
Транспорт министрлиги каттамдардын географиясын кеңейтүү жана каттамдардын санын көбөйтүү боюнча иштер үзгүлтүксүз уланып жатканын белгилейт. Жаңы багыттын ишке кириши эки өлкөнүн соода-экономикалык байланыштарын активдештирүүгө, туризмди өнүктүрүүгө жана ишкердик байланыштарды бекемдөөгө өбөлгө болору күтүлүүдө.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар