Шерадил Бактыгулов: Түштүккө жол — Кыргызстанга Пакистан эмне үчүн керек?Мобилдик банкинг аркылуу жеке каражатты кантип башкаруу керек: КолдонмоАвариядан улам Бишкектин бир бөлүгү убактылуу суусуз калдыТүркиядан Кыргызстанга 12 жыл бою жашырынып жүргөн, киши өлтүрүүгө айыпталган жаран жеткирилдиКыргызстанда электрондук акчаны мураска калтырууга уруксат берилдиТекшерүүнүн жыйынтыгында “Tez Jet” авиакомпаниясынын лицензиясы жокко чыгарылды — ЖАМА
Алматыдан Ошко аба каттам ачылат
29.03.2025 | 12:10
Казакстандын «Эйр Астана» авиакомпаниясы ушул жылдын 28-майынан тарта Алматы-Ош багыты боюнча жаңы туруктуу каттамды ачат. Бул тууралуу Казакстандын Транспорт министрлигинин Жарандык авиация комитети билдирди.
Каттамдар жумасына төрт жолу – шейшемби, шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү аткарылат. Жаңы каттам Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы аба каттамдарынын жалпы санын жумасына 7ден 11ге чейин көбөйтөт.
Транспорт министрлиги каттамдардын географиясын кеңейтүү жана каттамдардын санын көбөйтүү боюнча иштер үзгүлтүксүз уланып жатканын белгилейт. Жаңы багыттын ишке кириши эки өлкөнүн соода-экономикалык байланыштарын активдештирүүгө, туризмди өнүктүрүүгө жана ишкердик байланыштарды бекемдөөгө өбөлгө болору күтүлүүдө.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар