Куткаруучулар апрелдин башында БЧКга кулап кеткен кишинин сөөгүн табыштыКыргызстан менен Кытай жогорку технологиялык өндүрүштөрдү ишке киргизүү жана инженерлерди окутуу боюнча макулдаштыКыргызстан түштүк кореялык LNC Elecom менен жогорку технологиялар жаатында кызматташатКыргызстанда эт төрт айдын ичинде орточо эсеп менен 6%га кымбаттадыЭльвира Сурабалдиева Кыргызстанга деңиз кодекси эмне үчүн керек экенин түшүндүрдүУлан Маматканов Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды — президент жарлыкка кол койду
Жети-Өгүздө 14 гектар жер мамлекетке кайтарылды
09.04.2025 | 17:00
УКМК Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы 14 гектар жер мамлекетке кайтарылганын билдирди.
Маалыматта айтылгандай, аталган райондун тургуну 1999-жылдан бери Ак-Дөбө айыл башкармалыгынын балансында турган 14 гектар жер тилкесин мыйзамсыз пайдаланып келгендиги аныкталган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө тургун жер тилкесине ээлик кылуунун мыйзамсыз экендигин түшүнүп, жерди аталган райондун Оргочор айылынын балансына ыктыярдуу негизде кайтарып берген.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар