Кыргызстандын жаштары атом тармагын өнүктүрүүнүн жол картасын түзүштүАраван районунда аңчылык жана балык уулоо эрежелерин бузган 4 адамга айып пул салындыЖКда балдардын Roblox оюнуна жеткиликтүүлүгүн чектөө сунушталдыТурак жай жана компенсациялар: КРда кооптуу аймактардан көчүрүүнүн жаңы тартиби сунушталуудаДүйнөдө 2 миллиарддан ашык адамдын көрүүсү начарлаган — ДСУнун маалыматы жана сунуштарыКыргызстанда газ үчүн төлөмдү кайсы күнгө чейин төлөө керектиги эскертилди
Куткаруучулар апрелдин башында БЧКга кулап кеткен кишинин сөөгүн табышты
23.04.2026 | 17:53
Чүй облусунда куткаруучулар буга чейин Чоң Чүй каналына кулап кеткен эркек кишинин сөөгүн табышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирди.
2026-жылдын 23-апрелинде Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Новопокровка айылында куткаруучулар тарабынан буга чейин Чоң Чүй каналына (БЧК) кулап кеткен жарандын сөөгү табылды.
ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, 6-апрелде каналга 79 жаштагы жаран кулап кеткени тууралуу билдирүү түшкөн.
Издөө иштерин ӨКМдин Ысык-Ата райондук бөлүмүнүн куткаруучулары жүргүзүштү.
Жыйынтыгында маркумдун сөөгү табылып, Ички иштер бөлүмүнүн (ИИБ) кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.