Кыргызстандык дзюдочу Фадиль Исмагомбетов Душанбедеги эл аралык турнирде коло уттуНарында 350 орундуу жаңы оорукана курулушу мүмкүнКыргызстандыктар Азербайжандын курортторунда арзандатуу менен эс ала алышат — чоо-жайыОш шаары Франция менен туризм, илим жана инвестиция багытында кызматташууну көздөөдөМурдагы саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов үй камагына чыгарылганы маалымдалдыНафталандан Ысык-Көлгө чейин: Курорттук туризмдеги кызматташтык
Ош шаарында үч тараптуу айланма жол курулуп жатат
16.04.2026 | 17:19

Ош шаарында Г. Айтиев жана А. Навои көчөлөрүнүн кесилишинде айланма жол курулууда. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.
Айланма жолдун диаметри 25 метрди түзөт. Бул чечим шаардагы унаа агымын жөнгө салууга жана тыгындарды азайтууга багытталган.
Долбоорго ылайык, А. Навои көчөсү тараптан 6 тилкелүү жол салынат. Ал эми Г. Айтиев көчөсү Б. Осмонов көчөсү тарапка карай кеңейтилип, 6 тилкелүү болот.
Жаңы багыт катары Кочконов көчөсү ачылып, ал аркылуу жаңы базарга түз кирүүгө шарт түзүлөт. Учурда Кочконов жана Шамшат көчөлөрүн бириктирген жаңы көчөнүн курулушу жүрүүдө. Бул көчөнүн бир багыты Айтиев көчөсүнө, экинчиси Навои көчөсүнө чыгат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом