Россиядагы элчилик «көзөмөлдөөчү реестрге» кирип калган мекендештерге акысыз кеңеш берет

Россиядагы  элчилик «көзөмөлдөөчү реестрге» кирип калган мекендештерге акысыз кеңеш берет

Россияда жүргөн мекендештерге элчилик кеңеш берүүнү улантат. Бул тууралуу элчилик кабарлады.

Эгерде сиз «көзөмөлдөөчү реестрге» кирип калсаңыз же банктык операцияларды жүргүзө албай жатсаңыз, анда ушул же сизди кызыктырган башка суроолорго бүгүн, 11-апрелде,саат 16.00 дөн 17.00 гө (Москва убактысы) чейин элчиликтин Ютуб каналында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчилигинин консулдук бөлүмүнүн башчысы Асаналиев Бакыт түз байланыш аркылуу жооп берет.

Түз эфирдин ссылкасы: https://youtube.com/live/BDmFirP9JZs?feature=share

Эскертүү: Түз байланышта Россиянын миграциялык мыйзамдарындагы
жаӊы талаптар, «көзөмөлдөөчү реестрге» кирип калган жарандардын жанаалардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктук абалын жөнгө салуу, ошондой эле банктык
операцияларга карата чектөөлөрдү алып салуу үчүн кандай аркеттерди көрүү зарылдыгы тууралуу суроолор талкууланат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>