Сом түштүк корея вонуна карата бекемделип, британ фунтуна карата алсырадыПРООН киберкылмыштуулук менен күрөшүүчү адистерди даярдоого жардам беретЖети-Өгүз районунда жетим балага үй куруу үчүн жер тилкеси берилдиГутерриш: кийинки пандемия сөзсүз болот, ага азыртан даярдануу керекУКМК айдоочулук күбөлүктөрдү мыйзамсыз берүү фактысын аныктады«Чекиш-Ата» базарында эркек киши ок чыгарды — жабыркаган адам бар
Бишкекте милиция кызматкери кармалган жаранды аёосуз сабоого айыпталууда
24.02.2026 | 13:17

Бишкекте милиция кызматкери майда бейбаштыкка шектелип кармалган жаранды аёсуз сабоого айыпталып кармалды.
УКМКнын маалыматында, Ленин райондук милициясынын кызматкерлери «майда бейбаштыкка» шектелип кармалган жаранды №2 шаардык милиция бөлүмүнө жеткирип, ал жерден сабашкан. Алган жаракаттарынан улам жаран Улуттук госпиталга жаткырылган.
Эксперттик корутундуга ылайык, жабырлануучу төмөнкүдөй жаракаттарды алган:
- баш мээнин чайкалышы менен коштолгон жабык баш мээ жаракаты;
- эки омуртканын өсүндүлөрүнүн сынуусу менен коштолгон жүлүндүн жабык жаракаты;
- бет жана бел тарабынын жумшак ткандарынын көгөрүшү.
21-февралда милициянын кенже лейтенанты Р.у.М. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда бул ишке тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам иш-чаралар уланууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар