Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин белгилөө жөнүндө токтом кабыл алынды. Бул тууралуу Министрлер кабинети билдирди.
Токтомго өкмөт башчы Адылбек Касымалиев кол койгон.
Ага ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер 2025-жылдан тарта кыргыз тилин орто деңгээлден (В1) төмөн эмес, 2027-жылдан тартып ортодон жогору деңгээлден (В2) төмөн эмес билиши керек.
Ал эми мамлекеттик жана муниципалдык менчик түрүндөгү ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлери, билим берүү уюмдарынын жана саламаттык сактоо мекемелеринин кызматкерлери кыргыз тилин 2026-жылдан тартып орто деңгээлден (В1) төмөн эмес, 2028-жылдан тартып ортодон жогору деңгээлден (В2) төмөн эмес билиши керек. Бул талап Кыргызстандын жараны болуп эсептелбеген адамдарга тиешелүү эмес.
Мындан тышкары, Кыргызстанда туруктуу жашаган жана Кыргызстандын жарандары болуп саналган этностук азчылыктын өкүлдөрү мамлекеттик тилди 2026-жылдан тартып базалык деңгээлден (А2) төмөн эмес, 2028-жылдан тартып орто деңгээлден (В1) төмөн эмес билиши керек.
Министрлер кабинетинин маалыматында, кызматтык жана функциялык милдеттери бөлүмдү башкаруу, ишти пландоо жана координациялоо, ошондой эле консультация берүү, эл алдында презентация кылуу, чыгып сүйлөө жана расмий жазуу жүзүндөгү тексттерди даярдоо менен байланышкан кызмат адамдары үчүн иш берүүчү мамлекеттик тилди билүүгө бул чечимде белгиленгендерге караганда кыйла жогору талап коюуга укуктуу.