Тамак-аш, жатакана жана эвакуация: Кыргызстан Жакынкы Чыгыштагы өз жарандарын таштаган жокКыргызстан 2026-жылы азык-түлүк бааларынын өсүшү боюнча дүйнөдө 14-орунду ээледиMUHAMET MALO-2026: Кыргызстандык балбандар 9 медаль жеңдиЧүй агроөнөр жай аймагында тазалоо курулмаларынын комплекси курулатКыргызстандын Министрлер Кабинети Евробиримдик менен соттошуу ниети тууралуу маалыматты төгүндөдү3-мартка карата аба ырайы
Балбак Түлөбаев министрлер кабинетинин төрагасын сындады
23.04.2025 | 15:20
Бүгүн, 23-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев министрлер кабинетине нааразычылыгын билдирди.
Анын айтымында, мурдагы өкмөт башчы Акылбек Жапаров азыркы өкмөт башчы Адылбек Касымалиевге караганда эффективдүү иштеген.
«Акылбек Үсөнбекович тың болчу. Депутаттардын катына жооп берип турчу. Азыркы өкмөт башчыга жетип, ал көлдү айланып келгиче канча өттү, катка жооп жок. Менден салам айтып коюңузчу, сураныч”, — деди депутат президенттин парламенттеги өкүлүнө.
Рубрики: Жаңылыктар