Бүгүн, 23-апрелде борбор калаадагы Курманжан датканын эстелигинин алдында “XVI КИТЕП FEST – 2025” эл аралык китеп фестивалы өтүп жатат. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.
Фестиваль Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналып, китеп окуу маданиятын жайылтуу, улуттук китеп басма жетишкендиктерин көрсөтүү жана жаш муунду окууга тартуу максатында өткөрүлүп жатат.
Ага өкмөт башчынын орун басары Эдиль Байсалов, маданият министринин орун басары Гүлбара Абдыкалыкова, ЖК депутаты Винера Раимбачаева, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, маданият ишмерлери, акын-жазуучулар жана окурмандар катышууда.
Фестивалда китептерди өздүк нарк баасы менен сатып алуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн.
Ошондой эле кыргыз китептеринин жана автордук укуктарынын маселелери боюнча илимий-практикалык конференция өтөт, анда заманбап басма тармагындагы көйгөйлөр жана келечек багыттар талкууланат. Мындан тышкары белгилүү кыргыз жана россиялык акын-жазуучулар менен чеберчилик сабактары жана экскурсия уюштурулат.