ӨКМ: 2-апрелге чейин айрым ашууларга кар көчкү түшүүсү күтүлөт1-апрелде Бишкектин бир бөлүгүндө суу өчүрүлөт29-мартка карата аба ырайыЭл аралык олимпиада комитети аялдар арасындагы мелдештерге трансгендерлердин катышуусуна тыюу салдыБишкекте Кожевенная көчөсү оңдоого жабылатКыргызстанда органдарды трансплантациялоо программасы кеңейтилүүдө: бөйрөк бекер алмаштырылат, кезекте — боор
Акыйкатчы институту абактагы Тилекмат Куренов менен жолукту
25.04.2025 | 10:58
Акыйкатчы институту УКМКнын тергөө абагында кармалган жарандардын укуктарынын сакталышына мониторинг жүргүзүп, абактагылар менен маектешти. Бул тууралуу институттун маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, тергөө абагындагылар кармоо шарттарына жана кызматкерлердин аракеттерине нааразычылыктарын билдиришкен эмес.
Институттун кызматкерлери Жазык кодексинин 327-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту (бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар) боюнча айыпталып жаткан Тилекмат Кудайберген уулу (Куренов) менен дагы жолугушкан.
“Тилекмат Кудайберген уулу менен бирге камерада дагы эки эркек киши кармалууда. Ал УКМКнын СИЗОсунда укуктары бузулгандыгына даттанууларды айткан жок”,- деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар