«Радуга» пансионатындагы өрт толугу менен өчүрүлдү. Төрт коттедж күйүп кеткенКыргызстандыктарга электр жабдууларын колдонуу көлөмүн азайтуу сунушталуудаАстанада билим жана илим боюнча эл аралык форум өтүп, ага Токаев катыштыЫсык-Көлдө «Радуга» пансионатынын коттедждери күйүп жатат«Кыргызкомур» тогуз айдын жыйынтыгы менен туруктуу өсүштү көрсөттүАвтоблогер Настя Туман: Дагестанды кыргыз номурлуу Changan автоунаалары каптады
Быйыл Кыргызстан Казакстанга 580 млн метр куб суу берет
28.04.2025 | 15:18
Кыргызстан быйылкы сугат мезгилинде Казакстанга 580 млн м3 суу жиберет. Анын ичинен 400 млн метр куб Талас дарыясынан, ал эми 180 млн метр куб Чүй дарыясынан берилет. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматта айтылгандай, Казакстанда Чүй жана Талас дарыяларындагы мамлекеттер аралык суу чарба объекттерин пайдалануу боюнча эки өлкөнүн комиссиясы жолугушкан.
Анда аталган дарыялардагы мамлекеттер аралык обьектилерден суу алуу графиктеринин аткарылышы, аткарылган иштердин көлөмдөрү жана каржылоо боюнча катар маселелер талкууланган.