Сокулукта миң адам катышкан айыл чарба фестивалы өттү

Сокулукта миң адам катышкан  айыл чарба фестивалы өттү

Сокулукта бүгүн миң адам катышкан  “Айдоо фест. –2025” фестивалы өттү . Анда трактористтердин арасында сынак өтүп, жеңүүчү Рыскул Турумбеков трактор жана Россиядагы ушундай эле иш-чарага катышууга жолдомо утуп алды.

Ал эми башка  жеңүүчүлөр электр велосипеддери жана арзандатуу сертификаттары менен сыйланышты.

Мындан тышкары иш-чарада кой кыркуу сыяктуу бир катар мелдештер болуп, айыл чарба техникаларынын көргөзмөсү, улуттук оюндар өткөрүлдү.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>