“Кант” авиабазасында аскердик-патриоттук мелдеш өттү

“Кант” авиабазасында аскердик-патриоттук мелдеш өттү

Россиянын Кыргызстандагы «Кант» авиабазасында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата “Саптык жүрүш жана ыр сынагы” аттуу аскер-патриоттук мелдеш болуп өттү.

Мелдешке Кыргызстандын мектептеринин окуучулары катышып, саптык даярдык, ок атуу боюнча тактык, машыгуу гранаталарын ыргытуу, АК-74 автоматын чогултуу жана ажыратуу ылдамдыгы, 16 килограммдык салмактагы гиряны жулкуп көтөрүү жана аркан тартыш боюнча өз өнөрлөрүн көрсөтүштү.

Мелдештин жыйынтыгы боюнча 1- орунду “Эпсилон” мектебинин командасы, 2- орунду “Ломоносов” мектеби, ал эми 3-орунду Канттагы авиабазанын ЮНАРМИЯ отряды ээледи.

Жеке номинациялар төмөнкүлөр мыкты деп табылды:

  • «Мыкты аткыч»: абсолюттук жыйынтык көрсөткөн Расул Назаров (Ломоносов мектеби) — 30 упайдан 30 упай.
  • «АК-74 автоматын чогултуу жана ажыратуу»: Семетей Жапаров (Эпсилон мектеби) ажыратууда 15 секунд, чогултууда 25 секунд.
  • “16 кг салмактагы гиряны жулкуп көтөрүү»: Нурбол Абдыкапаров (Ломоносов мектеби), 60 кайталоону аяктаган.

Катышуучулар тартипти, чыдамкайлыкты, физикалык даярдыгын жана командалык маанайды көрсөтүштү.

Мелдеш спорттук-патриоттук гана эмес, Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы элдердин эрдиктерин эске салып, муундардын тирүү байланышы катары кызмат өтөөрүн уюштуруучулар баса белгилешти.

Эске салсак,сынактын кийинки этабы 29-апрелде “Совет элинин Улуу Ата Мекендик согушка кошкон салымы” эл аралык онлайн-конференция форматында өтөт, ага Бишкек, Душанбе жана Екатеринбург шаарларынын мектеп окуучулары катышат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>