Бишкекте жаран 6 кгдан ашык баңгизат менен кармалды

Бишкекте жаран 6 кгдан ашык баңгизат менен кармалды

Бишкекте 27 жаштагы жаран Telegram аркылуу буйрутма алып, баңгизат таратууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 22-апрелде милиция кызматына Бишкектин Октябрь районунун аймагында белгисиз азиат улутундагы жарандар ири өлчөмдөгү бангизаттарды сатуу менен алектенип жүрүшкөнү тууралуу маалымат келип түшкөн.

Ыкчам иликтөөнүн жүрүшүндө Карл-Маркс менен Суванбердиев көчөлөрүнүн кесилишинен 27 жаштагы А.И. аттуу шектүү кармалган. Тинтүү учурунда андан 160 даана зип пакетке жана изоленталарга оролгон, өзгөчө жыты бар 6 кг 776 грамм салмактагы гашиш табылган. Анын баасы 18 млн 960 миң сомду түзөт.

Шектуу баңгизаттарды Telegram аркылуу алып, кыстырмаларга бөлүштүрүп, жашыруун жерлерге катып, чоң өлчөмдөгү айлык маянасын алып тургандыгы тууралуу көрсөтмө берген.

Шектүү тергөө абагына камалган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>