Зергерчилик, тигүү тармагы жана чакан бизнеске колдоо көрсөтүү боюнча жарлыкка кол коюлдуБишкекте 3 күн бою изделип жаткан окуучу кыз табылдыБШК №29 округ боюнча шайлоонун жыйынтыгын бекитти7-декабрга карата аба ырайыАк-Сууда көп убакыт аялына зомбулук көрсөтүп жүргөн жаран кармалдыБишкекте 16 жашар окуучу кыз 3 күндөн бери изделип жатат
Ошто Жеңиш майрамына карата ат оюндары боюнча мелдештер өтөт
29.04.2025 | 15:03
7-9-май күндөрү Ош шаарындагы Төлөйкан ат майданында 9-май Уулу Жеңиш майрамына карата эр эңиш, ат чабыш, ат оюндары жана салбуурун боюнча республикалык мелдеш өтөт.
Жеңүүчүлөргө Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан тиешелүү даражадагы диплом, медаль жана акчалай сыйлыктар тапшырылат.
Анда төмөнкү улуттук оюндар боюнча мелдештер өтөт:
- Ат чабыш боюнча: Аламан байке (21 000 м), топ байге (15 400 м), кунан чабыш (12 000 м), жорго салыш (6600 м ), бышты жорго (6600 м), кунан жорго (4400 м)
- Кыска аралыкка ат чабыш боюнча: 2 жаш – 1200 м, 3 жаш – 1600 м, 4 жаш андан жогоркулар – 1800 м.
- Эр эңиш боюнча: 60, 70, 80, 90, 100, +100 кг.
- Ат оюндары боюнча: Кыз куумай, тыйын эңмей, жигит өнөрү, эр сайыш.
- Салбуурун боюнча: Эркектер жана кыз-келиндер арасында жөө туруп жаа атуу, ат үстүндө жаа атуу, табак атуу, бүркүт салуу, далбас ойготуу, тайган жарыш, куш салуу.