Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды15-мартка карата аба ырайыТалас мамлекеттик университетинин жаңы имараты курулууда
Кызыл-Кыяда Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фонду аркылуу лизингге алынган 10 жаңы автобус ишке кирди
29.04.2025 | 16:13
Кызыл-Кыя шаарында 10 жаңы автобус пайдаланууга берилди.
Ачкычтарды тапшыруу аземи бүгүн жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн жана тургундардын катышуусунда өттү.
Автобустар Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фонду аркылуу лизинг жолу менен алынып, долбоордун жалпы суммасы 740 миң долларды түздү. Анын ичинен 20 миллион сому республикалык бюджеттен каржыланган.
Япон технологиясы менен чыгарылып, Өзбекстанда чогултулган жаңы автобустар жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды камсыз кылат. Жаңы техниканын келиши менен шаардык автотранспорт ишканасында 18 жаңы жумуш оруну түзүлдү.
Рубрики: Жаңылыктар