Бул жакка эч кимди киргизишчү эмес! «Бишкек-Аренадагы» VIP-ложанын алгачкы кадрларыКыргызстан менен БУУ коопсуздук, тынчтык орнотуу багытындагы кызматташтыкты тереңдететСадыр Жапаров Түштүк Кореяга расмий сапар менен баратЖаратылыш ресурстары министрлиги калдыктарды кайра иштетүүчүлөрдүн реестрин түзүп, лицензиялоо иштерин жүргүзүүдөБул күндү бүткүл дүйнөнүн жаштары күткөн!Бишкектин Кронштадт көчөсү унаа кыймылы үчүн ачылды
Жакында Tunduk аркылуу МИКге арыз берүү мүмкүнчүлүгү ишке ашат
29.04.2025 | 16:28
Жакында Мамлекеттик ипотекалык компанияга (МИК) турак жай алууга байланыштуу арыздарды Tunduk тиркемеси аркылуу бат жана ыңгайлуу түрдө берүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул тууралуу аталган компания билдирди.
Маалыматта айтылгандай, учурда жарандар арыздарды МИКтин порталы аркылуу берип жатышат.
“Кызмат” мамлекеттик мекемеси бул багыттагы керектүү техникалык чечимдерди иштеп чыккандыгын, учурда Tunduk тиркемесинде аталган кызматты ишке киргизүү акыркы баскычта тургандыгын билдирген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом