УКМК мурдагы депутат Султанбай Айжигитов жана анын жубайы кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталып жатышканын билдирди.
Маалыматта айтылгандай, 3-апрелде Жогорку Кеңештин Аппаратына Султанбай Айжигитовдун жубайы Г.Жолдошованын мыйзамсыз жумушка орношуусу боюнча кызматтык иликтөөнүн материалдары келип түшүп, бул факты боюнча кылмыш иши козголгон.
Тергөөдө Айжигитов 2021-жылы Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлангандан кийин кызматтык турак жай жана башка жеңилдиктерди жеке кызыкчылыгы үчүн пайдаланып, 2022-жылдын башында жубайы Г.Жолдошованы Жогорку Кеңештин Аппаратына мыйзамсыз жумушка орноштурууну уюштурганы аныкталган.
УКМК жубайлардын түздөн-түз баш ийишине же көзөмөлдө болушуна байланышкан мамлекеттик кызматта иштөөсүнө мыйзам жана парламент депутатынын Этика кодекси тарабынан тыюу салынганын билдирди.
«Мындан тышкары, Айжигитовдун жогорку кызматы анын жубайы Г.Жолдошованын кызматтык милдеттерин атайылап аткарбай, жумушка келбей калышына жол берген. Ошол эле учурда ал өлкөнүн бюджетинен айлык акы жана башка тиешелүү төлөмдөрдү толук алып турган. Алсак, Г.Жолдошова 2022-жылдын февраль айынан 2025-жылдын апрелине чейинки аралыкта эмгек акы, сыйлыктар, эмгек өргүүсүнө жана башка төлөмдөргө республикалык бюджеттен 3,2 миллион сомдон ашык каражатты мыйзамсыз алган», — деп айтылат маалыматта.
Тергөөнүн жыйынтыгында 30-апрелде Султанбай Айжигитов жана Г.Жолдошова кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылып, аларга тиешелүү айып тагылган. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тергөөнүн жүрүшүндө баш коргоо чарасын тандаары айтылды.