«Бул чындап эле деңгээл»: орусиялык блогер Таластын өзгөргөнүн жогору бааладыКыргызстанда бир эле учурда 61 өнөр жай ишканасы ишке киргизилдиЖалал-Абад облусунда 57 млн тонна көмүр кору бар кен ачылдыБишкекте бир катар уурулуктарга шектүүлөр кармалды — жети учур аныкталдыБекешев: Акчаңызды эч ким көбөйтүп бербейт — алар аны тартып алууну гана көздөшөтОкуу 15-сентябрдан башталат: Бишкек мэриясы окуучулардын ата-энелерине кайрылды
Жалал-Абадда баңгизат сатуу менен алектенген топ кармалды
30.04.2025 | 14:29
Жалал-Абад облусунда 17 кг баңгизат сатып жаткан жеринен эл аралык баңги топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматта айтылгандай, Кыргызстандын түштүк аймактарына жана Өзбекстанстанга сатуу үчүн баңгизаттарды Тажикстандан жеткирген канал аныкталган.
Жүргүзүлгөн ыкчам издөөнүң жыйынтыгында, Ноокен районунун Кыпчак-Талаа айылында жана Шамалды-Сай шаарында баңги заттын партиясын ташуу жана сатуу учурунда «К.Х.Ж.», «К.К.Т.», «М.А.М.» жана «У.Ж.У.» аттуу кыргызстандык жарандар, ошондой эле бул кылмыштуу схеманын уюштуруучусу болгон 50 жаштагы «Т.К.Б.» 17 кг салмактагы афган гашишинин ири партиясы менен кармалган.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар