Кыргызстан шаар куруунун жаңы багыттарын талкуулады — Азербайжанда эл аралык форум өттүСүйүүнү даңазалаган “Жамийла” мюзикли көрүүчүлөргө тартуулануудаБишкекте Борбор Азия жана Индия форматындагы коопсуздук кеңештеринин катчыларынын үчүнчү жолугушуусу өттүОнлайн эмес: Бишкектеги мектептер эртең кадимки тартипте иштейтОвсюктун жаңы коркутуусу: бул жолу Бишкектеги соода борборлоруОкуучуларды коркуткан адамдын өздүгү аныкталды
Бишкекте эки көчөнүн оңдолуп бүткөн тилкелери ачылды
30.04.2025 | 16:16
Бүгүн, 30-апрелде Бишкек шаарында эки көчөнүн тилкелери оңдолуп бүтүп, унаа кыймылы үчүн ачылды. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.
Оңдоп-түздөөдөн кийин Жаш Гвардия бульварынын Бөкөнбаев көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки батыш тарабы ачылды. Ошондой эле, Медеров көчөсүнүн 7-Апрель көчөсүнөн Карл Маркс көчөсүнө чейинки бөлүгү да унаа кыймылы үчүн ачылды.
Бишкек мэриясы жакында аталган жол тилкелеринин жээктеринде көрктөндүрүү иштери башталып, унаа токтотуучу жерлер оңдолорун билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом