Кыргызстанда жетилген жарандык сектор бар деп айтууга эрте — саясат таануучу

20.04.2026 | 18:08

Саясий илимдердин кандидаты Алина Молдокеева бүгүн «Борбордук Азия: эгемендүүлүк жолундабы же батыш экспансиясынын таманы астындабы?» аттуу тегерек столдун жүрүшүндө Кыргызстанда жарандык сектор делген тармак кантип жаралганы тууралуу пикири менен бөлүштү.

Анын айтымында, алгачкы өкмөттүк эмес уюмдар 1990-жылдары USAID жана «Сорос» фонду сыяктуу эл аралык институттардын алкагында пайда болуп, каржылоого бөлүнгөн каражаттарды актоо менен, алдыларына коюлган тапшырмаларды аткарып келишкен.

«Анан эле баары бизде жарандык сектор бар деп өзүнөн-өзү чечип алышты — чындыгында бизде ал жок болчу, мамлекет аны калыптандырышы керек эле, ал эми өлкө өзү калыптануу этаптарынан өтүп жаткан. Ошондуктан бүгүн Кыргызстанда жетилген жарандык сектор бар деп айтууга эрте. Биз бүгүнкү күндө, мындайча айтканда, төрөлө элек, толук калыптана элек жарандык секторду каралоо (беделин түшүрүү) үчүн жасалып жаткан кадамдарды байкап жатабыз», — деп эсептейт эксперт.

Ошондуктан, деп белгилейт Молдокеева, өз позициясын билдиргиси келгендер да муну дайыма эле жасай алышпайт, анткени алар, маселен, Кемпир-Абаддын тегерегиндеги кырдаалды көрүп жатышат.

«Алар ичте эмне болуп жатканын, бул адамдар акчаны кайдан алганын билишпейт… Мисалы, кандайдыр бир демилгелерге катышып жаткан менин студенттерим, өлкөгө жардам берүүгө каалоосу болуп туруп, бирок аны кантип жасоону билишпегендиктен, жардам берүүгө мүмкүнчүлүктөрү жок экенине абдан капа болушат. Ал эми улуулар, мисалы, кайсы бир долбоорлорго тартылган эксперттер чек араларды өтө катуу коюшат же кээде жаштарды колдонушат. Мунун натыйжасында бизде жаш кадрлардын чет өлкөгө агылуусу жүрүп жатат, ал эми коммерциялык эмес сектордо 1990-жылдары ээлеген орундарды дагы деле ошол эле адамдар кармап отурушат», — деп эсептейт саясат таануучу.

Молдокеева ошондой эле ӨЭУлар (өкмөттүк эмес уюмдар) изилдөөлөрдү кандайча жүргүзүп жатканын түшүнбөй турганын баса белгиледи.

«Эл аралык каржы уюмдарынын отчетторун көргөн сайын, мисалы, мени кээде изилдөөлөр кандайча жүргүзүлгөнү таң калтырат. Булардын баары, мындайча айтканда, коомчулукту эч бир катыштырбастан, көмүскө (жабык) өтөт», — дейт эксперт.

Анын пикиринде, жарандык сектор негизинен уюмдагы кесиптик бирликке (профсоюзга) окшош: эгерде жетекчилик бар болсо, анда кызматкерлердин укуктарын камсыз кылган кесиптик бирлик комитети да болушу керек.

«Аткаруу аппараты бар жана жарандык сектор менен аны коргоо өнүгүшү керек болгон мамлекетке да ушул эле нерсе тиешелүү. Эгерде ал сырттан кызыкдар актерлор тарабынан каржыланса, анда алар аны калыптандырышат. Анда жарандык сектордун көз карандысыздыгы жана көз карандысыз пикири кандай болот? Аны кантип калыптандыруу керек?» — деген суроо салат Молдокеева

Scroll to Top