Бүгүн, 16-ноябрда, күн ачык болотКудайберген Базарбаев кызматтан алынып, Казакстанга элчи болуп жиберилдиАчыктык жана өнүгүү: Bozymchak Кыргызстандагы тоо-кентармагында ишенимди кантип бекемдөөдө?Кыргызстандын футзал боюнча жаштар курамасы эки өлкөнүн командасы менен беттешетБүгүн Бишкекте жаңы №66 электробус маршруту ачылды — кыймылынын схемасы15-ноябрга карата аба ырайы
Бишкекте фонтандардын сезону башталды
01.05.2025 | 15:57
Бүгүн, 1-майда Бишкек шаарында фонтан сезону расмий түрдө ачылды. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.
«Тазалык» ишканасы 17 шаардык фонтанды ишке киргизген. Алар күн сайын саат 9:00дөн 21:00гө чейин иштейт, техникалык тыныгуу саат 13:00төн 16:00гө чейин каралган.
“Фонтандар Бишкекке жан киргизип, эс алуу жана жайлуулук атмосферасын тартуулайт. Баардыгыңызды шаардагы бул кооз жерлерге келип, булактын жамгырындай жагымдуу үндөрү коштогон жазгы маанайдан ырахат алууга чакырабыз”,- деп билдирди мэрия.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом