Мурат Бейшенов: Эл аралык укук жоголуп, эл аралык күч гана калдыЖогорку Кеңеште тилемчилик үчүн жоопкерчиликти караган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алындыЖККУда аскердик түзүмдөрдү жана продукцияларды ташуунун жаңы эрежелери күчүнө кирдиӨКМ: Жакынкы сааттарда Бишкекте жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болотЭльвира Сурабалдиева 8-мартта өтө турган аялдар жүрүшүнө уруксат берүүнү сурандыСауд Арабиясынан эки авиакаттам аркылуу 210 жаран алынып келинүүдө
АКШ мыйзамсыз жүргөн кыргызстандыктарды депортациялады
01.05.2025 | 16:35
АКШда мыйзамсыз жүргөн 131 ашык кыргызстандык, өзбекстандык жана казакстандык мигранттар Өзбекстанга депортацияланды. Бул тууралуу АКШнын Ички коопсуздук министрлиги (DHS) расмий баракчасында билдирди.
Маалыматта айтылгандай, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев мыйзамсыз мигранттарды алып кетүү үчүн рейс уюштурган. Ошондой эле өзбек жарандарын депортациялоону толук каржылаган. Ал эми кыргызстандык жана казакстандык жарандар Өзбекстанга келгенден кийин өз өлкөлөрүнө жөнөтүлөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом